www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев башкы прокурорду акимдердин ишин тыкыр текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 21-декабрда жер маселесине байланыштуу отурум учурунда билдирди.

"Юлдашев мырза, мунун артында коррупция турганын ачык айтуу керек. Жыйналыш өткөрүп гана койбой, кылмыш ишин козгоо керек. Сиз чоң акимдерин жумушун текшере баштасаңыз, мен сизди сыйлай баштайм”, - деди Мирзиёев

Президенттин айтымында, жер жана кадастр тармагында коррупция өтө көп. Маселен, 30 миң фермер менен дыйканга бөлүнгөн жер документте көрсөтүлгөндөн 67 миң гектарга көп.

"Мунун артында акимдер менен прокурорлордун жемкорлугу турат. Конституция боюнча бизде коррупцияга каршы эң жогорку орган – прокуратура. Жемкорлукка каршы күрөшүү алардын парзы болууга тийиш”, - деди өзбек президенти.

Өзбекстанда Мамлекеттик салык комитетинин алдындагы Кадастр агенттиги 2020-жылы 7-сентябрда түзүлгөн. Бир жылдан кийин эле президент бул түзүмдө коррупция гүлдөй баштаганын сындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости