www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы ким болоору президенттик аппараттан чечилип калганы канкууланды. Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, Талант Мамытовго оомат ооп, буйруктун таризинде шайланаары шай келип калгандай.

Кызыгы, парламенттеги айрым топтор оюн кылып, башка талапкерди көтөрүү үчүн далбастап жатканы жашыруун эмес. Талант Мамытовду ЖМКлар жазгандай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди оор учурда «сатып кеткени», ошон үчүн урмат-сыйга татыбай жатканы кызуу талкууга алынууда.

Бир чети таң каласың, спикерлик орун эки достун ажырымына шек келтирип жатса, Талант-мырза жанталашпай эле өз ордун билип отурса болбойт беле? Албетте, ушундай суроолор жаралууда.

Токсон депутаттын ичинде татыктуулар арбын. Кудай буюрганы төргө өтмөк. Бирок «токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» дегендей, таасирдүү эге кимди колдосо, бакыт кушу ошого коноору калетсиз. Же, балким, акыркы учурда Талант Мамытов оюндан чыгабы? Ким билет? Азырынча төрагалыкка мелженип турган так ушул талапкер...

Булак: Азия News гезити

Последние новости