www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жарандык активист Адилет Балтабайга аны камерага тартууга тыюу салды. Бул видеонун фрагментин активист өзү Facebook баракчасына жарыялаган.

Видеодон белгилүү болгондой, бүгүн камактагы Бактыбек Жетигеновдун тарапташтары УКМКнын имаратынын жанына чогулуп, УКМКнын төрагасы менен жолугушууну талап кылышкан. Камчыбек Ташиев алардын алдына чыккан. Активист аны видеого тартып жатканда, УКМКнын башчысы ага камераңды ал деп каршылык көрсөткөн.

"Өчүр! Телефонду коесузбу же койбойсузбу? Кой деп жатам", - деген Ташиев.

Ташиевди коштоп жүргөн адам активисттин жанына келип, телефонду түшүрүүгө мажбурлаган. Активист видеого тартууну улантып, бирок Ташиев видеого түшпөй калган.

Активисттин айтымында, Ташиев чогулгандарга жеке пиар менен алектенгендерди укпоону айткан.

Видеодо ал УКМКнын жетекчисине кайрылган.

"Биз эркин өлкөдө жашайбыз, колумда курал жок, мен сизге түз эфир аркылуу кайрылам, мен чындык үчүн жашайм, пиар эмесмин. Мен Кудайдан гана корком. Мен бул жерге чындык, акыйкаттык издеп келдим",-деп улантты активист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости