www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- “Жазга окшогон кыштан түңүл” дегендей, кар жаабай, кышка окшошпогон аба ырайы өкүм сүрүүдө. Бул таңгалычтуу аба ырайы тууралуу сиздин оюңузду уксак?
- Григориан календары боюнча бүгүн 22-декабрь. Жылдыздар календары боюнча бүгүн 19-январь. Григориан календары жылдыздардын абалын эске албайт. Накта аба ырайынын абалы жылдыздар календарына байланыштуу. Демек, кыштын көбү өтүп кетти. Жаз эрте келет. Бир гана маселе – жаздын мойну узун болобу, кыска болобу, бул тууралуу айта албайм.
Негизи жылдыздар календары боюнча бүгүн 19-январь экенин так айтам. Ушуну билип коюш керек. Жараткан өзү кыргызды аяп, көмүр, электр энергиясынын тартыштыгын эске алгандай болуп, кышты жумшак кылып жиберди. Бирок, бул талашсыз чындык.
- Жазга чыгып кетсек, кары жок кыш өтүп, дыйканчылыкка оорчулук жаралбайбы?
- Аны айта албайм. Балким жаз мезгили жаан-чачындуу болор... Кыштын жарымынан өтүп калдык. Жаз эрте келет.
- Мурда тогоол календарын түзүп чыгарчу элеңиз?
- Басмакана 100 календардан кем эмес баспайт. 100 календарь чыгарсак, аны алуучулар аз болуп калды. Мурдагыдай түшүнүп, баалап алгандар азайып баратат. Ошон үчүн жөн эле чыгаруунун кажети жок. Азыр ар бир адамда смартфон бар. Аба ырайын билүүгө анчалык муктаждык жок деген пикирдемин.
Булак: Азия News гезити