www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку Ош мэрлеринен ким Жогорку Кеңешке депутат болду? Ош шаарынын оозго алынган мурунку мэрлеринен Мелис Мырзакматов, Таалайбек Сарыбашов жана Айтмамат Кадырбаев парламентке депутаттыкка талапкер болуп аттанган. Кадырбаев Мырзакматовдон илинчек табыш үчүн эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мурунку мэрдин ишин сындаган.

Ал Ош шаардык базардын аймагындагы, Ак-Буура дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн негиздүүлүгү жөнүндө маселени көтөргөн. Навои көчөсүндөгү бул көпүрө маселесин Кадырбаев чуу салып көтөргөн. Ош - өсүп бараткан шаар, аймагы мындан да кеңейип, 6 миң гектардан 72 миң гектарга чейин чоңоюшу мүмкүн, ошондуктан көпүрө менен байланыштуу мурунку мэрди негизсиз сындоонун кажети жок эле.

2006-жылы Өмүрбек Текебаев спикерликтен кетип, “Реформа үчүн” кыймылын түзүп, ага Атамбаев деген министр учкашып алат. Ошентип, 2006-жылы оппозиция бийликке каршы көтөрүлөт. Ош шаарында өткөрүлгөн антимитингди “көчө хулиганы” Айтмамат Кадырбаев деген “эркек ОБОНчу” башкарып, оппозиция лидери Атамбаевге уу тилин агыткан: “Текени” “эчкиси” менен алып келип мууздап, жамбашын аксакалдарга тартып, “көтөн чучугун” оппозицияга жедирем» - деп.

Текебаев менен Атамбаевге опурулган эргулдун, Убактылуу өкмөт дайындаган Ош облусунун СДПКчы губернатору Сооронбай Жээнбековду итерип салып, ордун мыйзамсыз тартып алган учурлары да болгон. Кийин антимитингде Атамбаев менен Текебаевди ашата сөккөн сөздөрү, губернатордун ордун тартып алган мыйзамсыз иштери үчүн сот жообуна тартылбай, Атамбаевдин бийлиги учурунда Ош шаарына мэр болгон.

Мырзакматовдун Ошту алдыңкы шаарлардын бирине айлантайын деген жакшы оюна Кадырбаев каршы иштеген. Оштогу эң жакшы долбоор менен көрктүү болгон көпүрө курулуп калса, шаарыбыздын көркүнө дагы көрк кошулат деп эл сүйүнүп турганда, ал мыйзамсыз, бул мыйзамсыз деп Мелисти чукулаган.

Эми эл Айтмамат Кадырбаевдин өзүн андан да жаман чукулап, депутаттыкка өткөрбөй коюшту. Ал Мелистей болуп эл үчүн иштей албай койду, себеби Кадырбаевди "хоп, ляппай " деп кызмат кылсын деп АША жана анын командасы мыйзамдарды бузуп, зордук-зомбулук менен эптештирип дайындап койгон.

Айтмамат Кадырбаев мэр шайлоо боюнча видео тасманы көргөн болсо, кайсы бети менен мэр болуп шайландым деп басып жүрдү? Аны АША пайдаланылган тряпка катары ыргытып жиберген, себеби ал ошого татыктуу экенин билген. Кадырбаев өз досу Мырзакматовду дагы, Ош элин да сатып кеткен. Кадырбаев "пробник" да көп узабай кетти, эч ким Мырзакматов менен чыкканга духу жетпей атканда, дос болсо да аны чыгарышкан.

Кадырбаев Ошко мэр болгон соң, «Төө кыядан өтүп», Ош шаарынын тургундарынын атамбаевдик бийликке кереги жок болуп калган. Кадырбаев мэрияда жыйырмадан ашык кызмат адамын бошотуп, жаңыларын кызматка алып, бир гана кадр саясаты менен жана да өрлүктөп келгендерден колу бошобой жүрчү.

Ошол кезде Ошто миңден ашык үй-бүлѳ кѳп күндѳн бери суусу жок, кыштын кыраан чилдесинде кѳрүнгѳн жерден суу ташып кыйналган. Демократический, Московский, Любимый, Ленинградский кѳчѳлѳрүндѳ кѳп күндѳр суу болбой, Ош тургундарына “кой үстүндө торгой жумурткалайт” деген убадаларды кат-кат бердирип жаткан Атамбаев Сочиге кылтыйып кетип калган. Башкасы бүтүп калгансып, Оштун калкы суусу жок, свети жок отурса, Оштун мэри ишти Кытайдын генконсулуна жагынуудан баштаган. Консулдуктун курулушуна жер тилкесин бөлүп берип, Кадырбаев жаңы чырды баштаган. Анткени ошол тапта Ош шаарында жер участогу жок канчалаган адамдар жүргөн.

Ошол кезде Мырзакматовдун өзү кайра ордуна отурса баарына пайда болмок. Анткени акыйкат карап көрсөк, Мелис Ошту өнүктүрүп-өстүрүү үчүн көп иштерди бүтурүп койгон. Бирок дагы көптөгөн иштин башы башталып калганда ага тоскоол болбош керек эле. Баштап жаткан эскадалык көпүрөнун курулушу, шаар тургундарына түзүп жаткан шарттарынын аягына чыкса болмок.

Ош борборунан аэропортко созулган кенен жолду бүткөрсө болмок. Ушуга окшогон ондогон ишти жүзөгө ашырса, максатына жетсе анан Мелис өзү деле мэрликти көксөгөндөргө бошотуп берээр эле. Биздеги жагымсыз адат, баштаган ишти аягына жеткирбей кодулай баштайбыз. Эгер алгылыктуу, эл үчүн жасалып аткан максаттар болсо тоскоол кылуунун эмне кажети бар? «Өз агасын агалай албаган адам башканын агасын сагалайт!

Коррупцияга каршы күрөшөбүз деп Атамбаевдик бийлик элдин алдында калп ураан чакырып жатканын дагы бир ирет далилдеген. Акыркы мезгилде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы коррупцияга малынып, турак-жай куруу үчүн берилген курулуш материалдарын капчыгына уруп, урду-салды, эптеп курган турак-жайлары четинен эмитеден жараксыз болуп баратканы тууралуу мамлекеттик бийик органдарда талкууланып, ал эмес парламентте комиссия түзүлүп, дыкат текшерүүгө алынып жатканы белгилүү.

Бул боюнча ушул дирекцияга мурун жетекчи болгон Жантөрө Сатыбалдиевдин да тиешеси бар экендиги, кокус мойнуна коюлса аябайм, деп президент Атамбаев эл алдында айтып чыккан. Эми бул жердеги чуулгандуу иш бүтө элек жатып Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисинин орунбасары Кадырбаевди бийлик жоктон тапкансып Ош шаарына мэр кылган.

Мейли, таза кызматкер болсо да бир жөн, ушул дирекцияда ыплас иштердин баарын жасаган Кадырбаевди колдогон бийлик айнып, Оштун мэрине чоң энесин “Чым-Коргондон” көрсөткүсү келген. Абийирлерин айрандай төгүп ким бийликке келсе, ийилип кызмат кылган, «ауралары» жуурат болуп калган Тайырбек Сарпашев, Аалы Карашев деген көпөс-чиновниктер бар.

Атамбаевдин жеке буйругу менен Ошко «хулиган чалыш» жана «теке сойгуч» Кадырбаевди колдогону жөнөтүшкөн. Ал кургур 2010-жылдын май айында Убактылуу өкмөткө каршы Ошто төңкөрүш уюштурууга аракет кылган деген айып тагылып иш козголгон кыраан болгон.

2014-жылы кылмыш иши ачылып, соттун биринчи инстанциясында суралып жүргөн айыпкерди Атамбаев Оштун мэрине зордук менен түрткөн. Мунун кулагына да “трайбалист” деген “эн тамга” басылган. “Трайбалист” деген «эн тамгасы» бар Сарпашев менен Карашев Ошко барып жең ичинен бийлик алмашып кетсе кереги тиет деп, оппозиция лидерлери менен алака түзүп жүргөнү, Атамбаевдин «бийлик кемесинин» чөгүп баратканы болгон. «Кеме чөгөөрдө» келемиштер түшө качаарын "киши-келемиштер" далилдешкен.

"Шылтоого шыноо" дейт, Бишкектин мэрине салыштырмалуу Оштун мэри оппозицияны ойгото турган саясий фигура. Мелис Мырзакматов кадыр-баркы менен эртеңки боло турган бийлик алмашууга "детонатор" болмок. Бирок азыркы жагдай Мырзакматовдун да шайы ооп баратканынан белги берди. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан чыккан Сарыбашев гана Ош экс-мэрлеринин ичинен депутат болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости