www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеваны убактылуу ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин өтүнүчүн канааттандырды. Бирок мындай чечим кабыл алуу үчүн 4 жолу добуш берүүгө мажбур болушту.

Төртүнчү жолу добуш бергенде гана Боронбаеваны кызматтан четтетүүгө жетиштүү депутат чогулду. Тактап айтканда, президенттин өтүнүчү менен 63 депутат макул болсо, 9 депутат каршы болду.

Ушул жылы январь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Боронбаеванын үстүнөн мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Июль айында УКМК материалдарды Судьялар кеңешинин дисциплинардык комиссиясына өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости