Президент башкы штабдын башчысын кызматтан кетирди
Дүйнө жүзүндө  |   |  3332

Армениянын президенти Армен Саркиссян Карен Абрахамянды өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотту. Бул тууралуу Армениянын президентинин расмий сайтында жарыяланды.

«Премьер-министрдин сунушун менене генерал-лейтенант Карен Абрахамянды башкы ыкчам бөлүмдүн начальниги - Башкы штабдын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Бирок, анын кызматтан кетүү себептери азырынча айтыла элек.

Эске салсак, Авраамян 2020-жылдын июнь айында Армениянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями