www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ишканалар жеке менчикке өткөрүлөт. Башкы себеби эмне?

Мамлекеттик ишканаларда кайра реструктуризация жүргүзүлүп, жеке менчикке өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Конституциянын жаңы долбооруна кол коюп, элге кайрылуу жасап жаткан учурда айтты.

«Мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей турганын экономикалык реалдуулук ырастады.

Биздин милдет - мамлекеттик ишканаларда кайра реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объекттерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек.

Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктагандан кийин жоюлушу кажет.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү министрликтерге жана ведомстволорго, жеригиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек.

Бул жумушту аткаруу үчүн 1 жыл жетиштүү деп ойлойм», - деди Жапаров.

Жапаров жогорудагы реформалар экономиканын приоритеттү секторлорун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости