Малинин жараны 9 баланы бир убакта жарык дүйнөгө алып келди
Дүйнө жүзүндө  |   |  992

Марокконун Касабланка шаарында малилик аял 5 кыз жана 4 эркек ымыркайды бир учурда жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, Малинин жараны Халиме Сиси Касабланкадагы саламаттыкты сактоо мекемесинде кесарево жолу менен төрөгөн. Эненин жана 9 баланын ден-соолугу жакшы экендиги белгиленди. Халиме Сисинин Малинин борбору Бамакодо 7 ымыркайы бар.

Мындан тышкары төрөт менен байланышкан чыгымдарды өлкөдөгү убактылуу өкмөт көтөрүп жаткандыгы баса белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями