www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтү тарабынан түзүлгөн "Баткенге жардам" республикалык кайрымдуулук штабы тарабынан чогултулган гуманитардык жардамды ар бир баткендикке жеткирүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кепилдик берет.

Бул тууралуу 4-майда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча медиа - штабда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал гуманитардык жардамды чогултуу боюнча Бишкек шаарында төрт пункт жана Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда жумасына 7 күн, суткасына 24 саат тынбай гуманитардык жардамды кабыл алуучу «Баткенге жардам» республикалык кайрымдуулук штабы иштеп жатканын айтты.

Штабдын иши так уюштурулган жана гуманитардык жардамдарды чогултууну Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү координациялоодо. Штабдын ишине ыктыярчылар жардам беришет.

Калктуу конуштарда, анын ичинде Бишкек шаарында, башаламан кабыл алуу пункттары уюштурулуп жатат. Бирок алар республикалык штаб тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Бүгүнкү күндө өз алдынча, стихиялуу түрдө 359 тонна гуманитардык жардам чогулган.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жарандарды тамак-аш, кийим-кече, эң биринчи керектелүүчү буюм сыяктуу гуманитардык жардамды натыйжалуу бөлүштүрүү үчүн, республикалык "Баткенге жардам" штабы аркылуу жиберүүгө чакырды.

«Республикалык штабдан гумжардам жүк ташуучу унааларга жүктөлгөндөн кийин ал унаадагы товардын тизмеси боюнча акт түзүлүп, айдоочуга Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин мөөрү басылган атайын талон берилет. Гуманитардык жардамдын ал тизмеси электрондук түрдө Баткенге жөнөтүлөт. Ал жактагылар алдын ала маалыматты алып, убакытты текке кетирбей кайсы жакка, канча жардам керек экенин эсептеп, бөлүштүрүп таркатышат», - деди министрдин орун басары.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча Баткен облусунун өзүндө да штаб уюштурулду. Ал штабдын ишине жергиликтүү бийликтин, обладминистрациянын, райондук администрациянын, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү катышып, алар муктаж айылдын жана эвакуациялык пункттун муктаждыктары жөнүндө актуалдуу маалыматтарды чогултушат.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардамды жеткирүү жана бөлүштүрүү, анын ичинде эл аралык жардам боюнча чоң тажрыйбасы бар. Урматтуу жарандар, республикалык штаб аркылуу чогултулган ар бир жардам жабыркагандарга өткөрүлүп берилет деп кепилдик беребиз. Ар бир азык-түлүк жана кийим-кече боюнча эсеп-кысап жүргүзүлөт жана эртең биз комиссиядан жардамдын кандайча бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө сурай алабыз», - деди Урматбек Шамырканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости