Садыр Жапаров: «Элдик кошуундарды түзүүгө өтөбүз»
Саясат  |   |  642

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Элдик кошуундар түзүлөрүн айтты. Бул тууралуу 5-майда элге жасаган кайрылуусунда билдирди.

«Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат», - деди мамлекет башчы.

Ал куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, куралдуу күчтөр тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктүн принцибине ылайык уюштурулушу керектигин билдирди.

Президент 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасады. Ал сөзүнүн башында Баткендеги коогада курман болгондорду эскерип, бир мүнөт аза күтүү менен баштады. Кыргызстандыктар өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жараткан окуяларга күбө болушкандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями