www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан кийин Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Баткен элинин коопсуздугун күнү-түнү көзөмөлдөөдө. Анда милиция кызматкерлери өздөрү бардык иштерди аткарышууда.

Белгилүү журналист Азамат Бакиров ИИМдин кызматкерлеринин иш-аракеттерин баалап, Facebook баракчасына сүрөттөрдү жүктөдү.  

Андан милиция кызматкерлери идиш жууп, тамак даярдап жатканын дагы көрүүгө болот.

--"Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери Баткенде кызмат өтөшүүдө. Мындан тышкары жалпы кыргыз коомчулугу болгон жардамын аяган жок. Кыргыз элимден айланса болот", - деп жазган журналист Азамат Бакиров. 

Кошумчалай кетсек, учурда Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусунун чек арага чектеш аймактарында катталган фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөөнү көзөмөлдөөдө. 

Бүгүн, 5-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости