www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Тажикстанда убактылуу, же такай жашап жүргөн, кыргыз паспорту бар жарандар чыгарылып жатат» деген маалымат боюнча комментарий берди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе ушул жылдын март айынын ортосунан бери Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Бул маселе Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Паспорт-миграция кызматы тарабынан Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районунда күтүлбөгөн текшерүү иштери жүргүзүлүп башталганы тууралуу алгачкы маалымат келгенде көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле, бул маселени Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери дагы талкуулап жатышат.

«Абалды жөнгө салуу максатында биз тараптан Тажикстанга жакын арада консулдук маселелер боюнча Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультация өткөрүү сунушталды», – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 1-апрелде Москва шаарында өткөн КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолукканда кыргыз тарап аталган маселе боюнча кабатырланып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости