www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент маркум Чубак ажы Жалиловдун үйүнө барды

Кечээ, 30-июль Улуттук аза күтүү күнүндө президент Сооронбай Жээнбеков маркум Чубак ажы Жалиловдун үйүнө барып, куран окутту. Бул тууралуу Жалиловдун жакындары маалымдады. 

"Бүгүн Арафа күнү жана аза күтүү күнүндө, Президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович устазыбыз Шейх Чубак ажынын үйүнө келип, үй-бүлөсүн зыярат кылды. Куран окуп, балдарынан кабар алып, жылуу сөздөрүн айтып, устаз менен болгон жылуу мамилесин эскерди.

Президент буга чейин дагы устаздын жаназасы күнү Устаздын атасына байланышып, көңүл айткан эле.

Устаздын үй-бүлөсү жана жакындары Президентке терең ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат билдирүүдө. 

Эске сала кетсек, Чубак ажы Жалилов 2020-жылы 11-июлда пневмониядан улам 45 жашында көз жумган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости