www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 11-июлунда белгилүү дин аалымы, убагында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген мурунку Муфтий Чубак ажы Жалилов илдеттен улам дүйнө салды. Бул тууралуу өлкө башчынын мааллымат кызматы билдирди.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал орто мектепти алтын медалы менен аяктаган.

Чубак ажы 1996-жылы Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

2000-2006-жылдары Сауд Аравиясындагы дүйнөгө таанымал «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтун бүтүрүп, андан соң шарият факультетинен шарият жана усул боюнча бакалавр даражасына ээ болгон.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинен теология боюнча магистрдик даражасына ээ болуп, учурда Кыргызстан эл аралык университетинде илимин дагы да өркүндөтүп, докторлук диссертациясын жактоонун астында турган.

2005-2007-жылдары ал Орто Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болуп эмгектенген. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында бөлүм башчы болуп, Ислам университетинде сабак берген.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жетектеген.

2014-2020-жылдын июнь айына чейин эки чакырылышта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болгон.

2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк сүнний Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп тандалган.

Чубак Ажы убагында Муфтий катары Мусулмандар дин башкармалыгынын иштерин жакшыртууга болгон аракеттерди көргөн, башка өлкөлөрдүн дин башкармалыктары менен байланыштарды бекемдеген.

Ал заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сухбаттары менен таанымал болуп, жаштарды адеп-ахлактыкка, ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессиялык аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон.

Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп,  эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору.

Чубак ажы Кыргызстандагы салттык Ханафий мазхабынын Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин диний турмушунда бекем орун алышына чоң эмгек өтөгөн.

Чубак ажы Жалилов мусулмандык укук, араб тилинин грамматикасы, Курандын аяттарына түшүндүрмө берүү жана хадис таануу илимдери боюнча таанымал дин ишмери эле.

Элди руханий, диний, адеп ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги бар. Ислам дининин көрүнүктүү өкүлү катары өлкөбүздүн мусулмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Чубак ажы Жалиловдун жаркын элеси жалпы элибиздин эсинде дайыма сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жээнбеков С. Ж., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Эсеналиев Д. А, Баатырбеков А.Б, Мадумаров А.К., Исмаилова А.Ж., Асрандиев Э.Ш., Бакиров М.И., Нышанов С. К., Масабиров Т.А., Алтынбеков А.А, Осмонова А.Ш., Эргешов З.Ж., Максатбек Ажы Токтомушев, Кадырбердиев Абибилла, Нарматов А.И., Епископ Даниил,  Мурзахмедов Н.М., Козуев Б.С.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости