www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген маегинде кыргызстандыктарды добуш саптоого чакырды.
Мамлекет башчысы эртеңки парламенттик шайлоого байланышуу берилген суроого жооп берип жатып эң чоң маселе - президентти да ойлонткон, бардык Кыргызстандын келечегин ойлогон ар бир жарандын маселеси – добуш сатуу маселеси экендигин баса белгиледи.
«Эртең добуш берүү күнү, добуш сатпоого чакырат элем. Өзүнүн келечегин, балдардын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам буга барбайт.Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Мен айтып жүрөм, дагы айтып кетейин, ал арам каражат. Жок боло турган нерселер да баары тең», - деди президент.
Жээнбеков өз сөзүндө бул парламент 5 жыл иштей тургандыгын жана бул мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар экендигин эске салды.
«Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн дагы чакырат элем, жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого, өзүнүн жүрөгүнөн чыккан адамдарга, жүрөгүнөн чыккан партияга добуш берүүгө чакырам», - деп президент жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.
Эске сала кетсек, эртең, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда.
Булак: NazarNews.kg