www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды", - деп жазды ал.

Последние новости