www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен Кытай автомобиль өндүрүшү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө макул болушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын 3-ноябрда Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаарында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен коммюникеде айтылганын РИА Новости жазды.
«Машина-техникалык жабдууларды жана автоунааларды өндүрүү, транспорттук инфраструктура, токой өнөр жайы, курулуш жана курулуш материалдарын чыгаруу, химиялык, жеңил жана тоо-кен өнөр жайы, энергетика, маалыматтык технологиялар жана байланыш тармактарында кызматташууну тереңдетүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды активдүү түзүүгө макулдаштык», — деп айтылат документте.