www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Пасха майрамынан улам билдирүү жарыялап, христиан дүйнөсүн куттуктады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Түркия президентинин билдирүүсү төмөнкүчө: 

«Анадолу жерлеринде өнүккөн бул бирге жашоо маданияты, өтмүштө болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да тынчтык жана туугандыгыбыздын аралашмасын түзүп турганда, ошол эле убакта бизди жаркын келечекке алып бара турган эң маанилүү күчүбүз болот.

Ковид-19 пандемиясынын себебинен бүткүл дүйнөдө татаал мезгилден өтүп жатканда чара көрүүлөрдөн улам христиан атуулдарыбыз дагы тилекке каршы быйыл Пасха майрамы үчүн чиркөөлөргө чогула алышпайт.  Бирок керектүү чара көрүүлөрдүн кайдыгар болбой ишке ашырылышы менен өлкөбүз бул процессти эң аз таасир менен ашып өтөт жана эң кыска убакта турмуш бардыгыбыз үчүн кайра нормалдуу агымына кайтат деп ишенебиз.

Пасха майрамынан улам христиан атуулдарыбыз баш болгон бардык христиандарга эсендик тилеп, чын жүрөктөн салам жолдоймун»,-деген Эрдоган билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости