www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Орусиядан ала турган С - 400дөрдүн биринчи сериясын 10 күндүн ичинде өткөрүп аларын айттып, Японияда АКШнын президенти Дональд Трамп менен өткөргөн жолугушуу тууралуу журналисттерге маалымат берди. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты.
Трамптын басма сөзгө берген маалыматын эске салган Эрдоган: «Өз тобуна карабастан так сөздөрдү айтты. Бул жакшы нерсе. С - 400дөр тууралуу түрдүү жерлерде сөз сүйлөбөшү керек. Себеби бул билдирүүдөн кийин урматтуу Трамп абалын белгиледи»,- деди.
С - 400дөр тууралуу Трамптын Түркиянын акылуу экендигин айтканын белгилеген Эрдоган: «Урматтуу Трамп: «Биз силерге санкция салабыз»,- деген жок. С - 400 тууралуу да «Туура айтасың, бул адилетсиздик»,- деди.
Бул абдан маанилүү, Путин менен үч тараптуу жолугушканыбызда да жакшы сөздөрдү айтты. Эч бир кыйынчылык болбостон бул процессти ашып өтөбүз деп ойлоймун. Бир жума 10 күндүн ичинде С - 400дөрдүн биринчи сериясы келет»,- деди.
«Түркия АКШдан Патриот алабы?»,- деген суроого жооп берген Эрдоган: «Технологиялык жактан бир С - 400, 3 Патриотко тең келет. Ушуга карабастан биз шарттарды көрөлү. Эгер шарттар С - 400дөргө тең келе турган болсо биз Патриот алабыз. Бирок тең келбесе капа болбогула. Силер өз кызыкчылыгаңарды ойлоп жатсаңар биз да кызыкчылыгыбызды ойлоп жатабыз. Муну да ачыкча айттык»,- деди.
Президент Эрдоган түрк аба жолдорунун АКШдан 100 Боинг учагын аларын жана Трамптын Түркия сапары менен бул карым - катнаштарды дагы да өнүктүрүшөрүн билдирди.
Булак: NazarNews.kg