www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын уюштуруу иштерин камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Узакбаевге жана эл аралык-укуктук кызматташуу башкармалыгынын башчысы Акматовго сөгүш жарыяланды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Чолпон Абдимомунова билдиргендей, сөгүш жарыялоо тууралуу буйруктар жана басма сөз кызматынын башчысы Белек Калыковду жумуштан бошотуу тууралуу буйруктарга 23-ноябрда кол коюлган.

«Бизге маалыматты бүгүн түштөн кийин расмий түрдө тастыкташты», - деди Абдимомунова.

20-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» залында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чара өткөн. Ал жерде Кыргызстандын картасы илинип, бирок Ворух анклавы Тажикстан менен биригип калган.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул катаны байкашкан.

Башкы прокуратура Кыргызстандын картасы түшүрүлгөн баннерди жеке менчик компаниядан буюртма кылганын билдирген.

«Буюртманы аткарган тараптын шалаакы мамилесине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт», - деп белгилеген Башкы прокуратура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости