www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактан Кыргызстанга репатриацияланган балдардын 50сү мектепке, 17си бала бакчага жайгаштырылса, 12си бөбөк камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реабилитацияланышына мониторинг жасап келгени кабарланды

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реабилитацияланышына мониторинг жасап келгени кабарланды.

Алар балдардын жашоо шарттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар көрсөтүлгөн социалдык, билим берүү жана башка кызматтар менен жакындан таанышкан. Балдар окуп жаткан билим берүү мекемелеринде болуп мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулаган.

"Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын толук жана коопсуз жашоосу үчүн аларды кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги мекенине кайтып келген бардык бөбөктөргө кийим-кече жана тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам көрсөткөн.

Эске салсак, 16-мартта Ирактан кыргызстандык 79 бала Бишкекке "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында алып келинген.

Балдардын Ирактан Кыргызстанга кайтып келиши жана "Мээрим" гуманитардык миссиясы боюнча толук маалыматты атайын жасалган материалдан окуй аласыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости