www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы №5 “Чолпон” атайын типпеги бала бакчасы капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Аталган бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын август айында башталган. Учурда курулуш иштери аягына чыгып, жеткинчектерге жагымдуу шарт жаралды.

Буга чейин утурумдук  ондоп-түзөөдөн гана өтүп келген бала бакча жергиликтүү бийликтин колдоосу жана дем берүүчү гранттын негизинде толугу менен жаңыртылды.

Курулушу аяктаган имараттан шаардын вице-мэрлери Элдос Таев жана Гүлбарчын Таштанбекова кабар алып кайтты.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Жалал-Абад шаарында 7 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости