www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жүрүшү менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кочкор районунун акими тарабынан даярдалган презентация сунушталды. Жыйынга жергиликтүү тургундар жана активисттер да катышты.
Презентацияда районду өнүктүрүү программаларынын жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана келечектеги артыкчылыктуу долбоорлор камтылды.
Маалыматка ылайык, 2021–2025-жылдар аралыгында Кочкор районунда 17 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын ичинде 8 мектеп, 4 бала бакча жана 5 спорт зал бар. 2026-жылга карата жалпы наркы 5,9 млрд сомду түзгөн 30 объекттин курулушу жана дагы 6 объекттин капиталдык оңдоосу пландалган.
Инфраструктуралык өнүгүү багытында да олуттуу жыйынтыктарга жетишилген. Акыркы беш жылда райондо 116,6 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
Суу ресурстары жана коммуналдык инфраструктура жаатында 2026-жылы “Шамшы” суу сактагычын пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле төрт айылда таза суу системалары курулуп, дагы сегиз калктуу конушту суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалган.
Энергетика тармагындагы ири инвестициялык долбоорлордун бири — Орток айылында күн электр станциясынын курулушу. Долбоор “АСТ Империал Строй” ЖЧКсы тарабынан 455 гектар аянтта ишке ашырылып, жалпы инвестиция көлөмү 250 млн АКШ долларын түзөт, кубаттуулугу 325 МВтка жетет.
Жолугушууда ошондой эле бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Алардын арасында муниципалдык коомдук транспорт алуу, жаш адистерди турак жай менен камсыздоо, социалдык объекттерди куруу жана инженердик тармактарды жакшыртуу маселелери бар.
Өзгөчө көңүл келечектүү долбоорлорго бурулду. Анын ичинде Шамшы капчыгайы аркылуу Токмок шаарына альтернативдик автожол куруу сунушталды. Бул долбоор Кочкор менен Токмоктун ортосундагы аралыкты 125 чакырымдан 55–60 чакырымга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Чоң-Туз кенинин базасында заманбап санаторий комплексин куруу демилгеси да каралды. Бул долбоор аймакта дарылоо-ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө шарт түзөрү белгиленди.
Жыйынтыгында Президент Кочкор районун комплекстүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, инфраструктуралык долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган иштерди күчөтүүнү тапшырды.