www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эли оор жоготууга учурады. 70 жаш курагында, оорудан улам көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Чолпонбаев Мукар Шалтакович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Чолпонбаев Мукар Шалтакович 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» кесиби боюнча билим алып, 1976-1984-жылдары Чолпонбаев Мукар Шалтакович Фрунзе шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматтан өзүнүн эмгек жолун баштап, андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРнин прокурорунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

1984-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган.

1991-жылы Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган.

1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот жана мыйзам чыгаруу бийликтин байланышы боюнча бөлүм башчы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

1993-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп иштеген.

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ал эми 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы болуп шайланган.

М.Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып,  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин юрист-адвокат, «Мукар жана профи» аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенди.

Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн Чолпонбаев Мукар Шалтаковичке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамдары  ыйгарылган.

Чолпонбаев Мукар Шалтакович дасыккан юрист катары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо процессине активдүү катышкан. Ал  эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары да түздөн-түз катышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз.

Көрүнүктүү инсан Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтин жаркын элеси элибиздин, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И., Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Акматов Т.А., Жумагулов А.Ж., Шеримкулов М., Матубраимов А.М., Эркебаев А.Э., Борубаев А.А., Кадырбеков И.Д., Мукашев М.О., Текебаев О.Ч., Султанов М.А., Мадумаров А.К., Тагаев А.С., Курманов З.К., Келдибеков А.К., Жээнбеков А.Ш., Турсунбеков Ч.А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Турусбеков Б., Боронов К.А., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Батырбеков А.Б., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Бейшенов Ж.С., Аскаров З.М., Исаков К.А., Абдикаримов С. Т., Жаманкулов А.К., Кочкоров У.Т., Осмонбетов Э.К., Чодуев Э.У., Догоев Д. Д., Жамшитов Ө.А., Кененбаев А.М., Дыйканбаев К.С., Базарбаев К.Б., Бекбоев Т.Б., Осмоналиев А.Ш., Жылкыбаев У.К., Мамакеев М.М., Жакиев Б.Ж., Султанов О.С., Исаев К.И., Каптагаев Э.С., Түмөнбаева Ж., Сааданбеков Ж.С., Каниметов Ж.К., Костюк А.В., Дубанаев С., Карабалаев О., Тукешов А. К. С. Самыкбаев, С. К. Касымов, Р. Бахтияров, О. Осмонов, К. А. Турдукожоев, Ж. Б. Бошкоев, Т. Б. Имеров.

Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтин сөөгү 2020-жылдын 25-майында Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости