www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейттин Эмирине телеграмма жолдоп, анда шейхтин агасы Сабах Аль- Ахмед Аль-Жабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

«Улуу Урматтуу шейх, кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман шейх Сабах Ас-Сабахтын үй-бүлөсүнө жана жалпы Кувейт элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Кудай анын жакшы иштерин кабыл кылсын. Бул Ас-Сабахтын жакындарынын же Кувейт элинин эле жоготуусу эмес, бул — бүткүл дүйнө жүзү үчүн эң чоң жоготуулардын бири», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости