www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабакта атышуулар дагы деле уланууда

Баку армян аскерлери Азербайжандын Физулин районундагы Горадиз шаарын аткылашканын билдирди. Азербайжандын Баш прокуратурасы тараткан маалыматка ылайык, снаряд май куюучу бекеттин жанына түшүп жарылган. Бир адам өлүп, үчөө жаракат алган. Мекеменин маалыматына ылайык, артиллериялык аткылоого Тертер району да туш болду.

Ал эми Армения азырынча бул маалыматка жооп кыла элек.

Учурда эки тараптан тең артиллериялык аткылоолор төртүнчү суткада да уланып жатканы кабарланууда.

Белгилей кетсек, бул аймакта 1990-жылдардан берки эң катуу согуш болуп жатат. Баку менен Ереван кырдаалдын курчуусуна бири-бирин айыптап жатат.

Эске сала кетсек, 27-сентябрда башталган атышуулардан ондогон адамдар набыт болуп, жүздөгөнү жаракат алды. Өлгөндөрдүн арасында жай тургундар да бар.

Эки тарап тең аткылоолор Карабактын чегинен тышкары болуп жатканын ырасташты. Бир күн мурун Ереван Варденис районун азербайжан аткылаганын айтса, Баку Дашкесан району армян артиллериясынын аткылоосуна туш болгонун маалымдады. Армян бийлиги Су-25 учагын Түркиянын F-16 учагы атып түшүргөнүн айтып чыкты.

БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар, көптөгөн мамлекеттер Баку менен Еревандан ок атууну токтотуп, маселени тынч сүйлөшүүлөр менен чечүүнү талап кылышууда. Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости