www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган Европа Биримдиги лидерлерине кат жиберди

Президент Р. Т. Эрдоган Европа Биримдиги мекемелеринин төрагаларына жана мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине бирден кат жиберип Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу мамилесин жана маселелерди чечүүгө карата сунуштарын билдирди. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазды.

Режеп Тайип Эрдогандын катында: «Чыгыш Жер Ортолук деңиз саясатыбыздын эки негизги максаты бар. Биринчиси Чыгыш Жер Ортолук деңизинде юрисдикциялардын эл аралык укукка ылайык жана континенттик шельфибиздеги эгемендүү укуктарыбыз менен ыйгарым укуктарыбыздын сакталышы. Экинчи максатыбыз - Кипр аралынын тең укуктуу өнөктөштөрү катары аралдын углеводороддук ресурстарына карата кипрдик түрктөрдүн бирдей укуктарына жана кызыкчылыктарына кепилдик берүү. Греция менен алдыңкы шартсыз диалогго даяр экенибизди  дагы бир жолу баса белгилегим келет. Ушунун алкагында чыңалуунун азайтылышы үчүн НАТОнун башкы катчысынын чыңалууну азайтуу максатында деңиз жана аба элементтерин бөлүү демилгесин башынан бери колдоп келе жаткандыгыбызга көңүлдөрдү бурамын ",- деди.

Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкармалыгынан тышкары Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө жиберилген катта Президент Эрдоган Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги маселелерди адилеттүү жана тынчтык жолу менен чечүү ар бир адамдын милдети экендигин баса белгиледи.

«Бул үчүн кызматташуу жана диалог колдоого алынышы керек. Учурдагы кризисти дагы да оордоштура турган кадам менен чечимдерден алыс туруу абзел. Биздин каалообуз 18 -  Март меморандумунун күндүн шарттарына да көңүл бурулуу менен актуалдашуусу жана Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары бардык жактары менен орток кызыкчылыктарыбыздын негизинде алдыга жылдырылышы. Мунун жолу мыйзам тышы миграция, терроризм, соода, энергетика сыяктуу көптөгөн тармактардагы карым  - катнаштарыбыздын орток кызыкчылыктарыбыз үчүн турмуштук маанисин байкоодон өткөндүгүнө ишенип жана ушул максматка карата колдооңуздарды күтүүдөбүз»,- деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости