www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эли оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 6-июлунда 59 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V–VI  чакырылыштарынын депутаты, VI-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович каза болду.

Ал 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ч. А. Турсунбеков эмгек жолун 1983-жылы «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор кызматынан баштаган. 1989-1992-жылдары КМУУнун кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болуп иштеген. 1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында Кыргызстан боюнча адис, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу «Манас дастаны» филиалынын директору, «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча кабарчысы болуп иштеген.

1997-2010-жылдары «Акун» ААКнын башкы директору; «Бишкекункомбинаты» ААКнын башкы директору; «Кереге» ААнын директорлор Кеңешинин төрагасы; КР Ишкерлер Биримдигинин Президенти; ДЕИК кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы кызматтарын аркалаган.

Ч. А. Турсунбеков 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына депутат болуп шайланып, Жогорку Кеңеште КСДПнын парламенттик фракциясын жетектеген. 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасына шайланганга чейин КСДП парламенттик фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери болгон.

2016-жылы 27- апрелде Ч. А. Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган жана бул кызматта 2017-жылдын 25-октябрына чейин иштеген. Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары парламентаризмдин өнүгүүсүнө, эл аралык парламенттик байланыштардын жайылышына, эл аралык кызматташууга өзгөчө салым кошкон. Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон Турсунбеков Чыныбай Акунович ишкерликти өнүктүрүүгө жол ачкан жана республиканын жарандарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечкен мыйзам долбоорлорун демилгелеген.

Ал филология илиминин кандидаты, СССР Жазуучулар жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, чыгармачыл инсан катары үч поэтикалык жыйнактын автору «Жүрөктөгү жаңырык» (1985ж.), «Шаарда жоголгон сөз» (1991ж.), «Жалын тоо» (2014ж.) болгон. Үч тилде чыккан «Манас» эпосу боюнча көркөм сүрөт менен коштолгон альбомдун котормочусу болуп, түрк жазуучусу Нихат Атсыздын «Көк жалдардын өлүмү» романын, «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» эки томдугун кыргыз тилине которгон. Республикалык ар түрдүү басма сөздөргө жарыяланган бир катар адабий жана сын макалалардын автору.

Ч. А. Турсунбеков активдүү позициясы жана экономикалык ишмердүүлүгү үчүн 1999-жылы «Жылдын мыкты бизнесмени» катары таанылган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган; 2003-жылы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Даңк» медалы ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын III класстагы Мамлекеттик кеңешчиси чинин алган.

Жогорку Кеңештин депутаты, акын, котормочу, кыргыз элинин чыныгы уулу Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин элеси — биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Жээнбеков С. Ш., Отунбаева Р.И., Джумабеков Д. А., Боронов К.А., Калиева Г.У., Касымалиева А.К., Бакиров М.И.,  Баатырбеков А.Б, Мадумаров А.К., Исмаилова А.Ж., Асрандиев Э.Ш., Акматов Т.А., Жумагулов А.Ж., Шеримкулов М., Матубраимов А.М., Эркебаев А.Э., Борубаев А.А., Кадырбеков И.Д., Мукашев М.О., Текебаев О.Ч., Султанов М.А., Мадумаров А.К., Тагаев А., Курманов З.К., Келдибеков А.К., Жээнбеков А.Ш., Абдыкеримов Ш. Ш., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А.Т., Айдаров Н.А., Айдаров С. А., Айнакулов М.А., Акаев Ж.К., Акматов А.К., Алимбеков Н. К., Алтыбаева А.Т., Алтынбеков А., Алыбаев О.А., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А., Артыков А.А., Аскарова А.А., Асылбаева Г.К., Аттокуров Д. Б., Байбакпаев Э.Д., Баймуратов К.Ш., Бакиров О.М., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д. Д., Бешимбаева А.К., Бокоев К.С., Гаипкулов И.Т., Джураев С. М., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Жапаров А.У., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К.Ж., Жоробаев Ж.С., Жоробеков Т.У., Жумалиев К.М., Жунус уулу А., Жунус уулу А., Жутанов А.Т., Зулпукаров Т.З., Зулушев К.Т., Ибраев С. К., Икрамов Т.И., Иманалиев К.К., Исаева Д. Ш., Исаев К.К., Казакбаев Р.А., Карамушкина И.Ю., Карашев А.А., Каримов Н.Т., Келдибаев С. А., Керезбеков К.К., Кодуранова А.С., Конушбаев Т.К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мадеминов М.Г., Маматалиев М.А., Маматов А.М., Мамашева А.Т., Мамытов Т.Т., Маннанов И.А., Масабиров Т.А., Матраимов И.И., Молдобекова Г.С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Никитенко Н.Ж., Нурбаев А.М., Нурдинов Б., Нурматов К.С., Нышанов С. К., Омуркулов И.Ш., Ормонов У.З, Орозова К.Б., Осмонова А.Ш., Пирматов И.А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З.К., Рыспаев К.Д., Сабиров М.Э., Самаев У.О., Самат Гульнара-Клара, Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулайманов Б.И., Султанов А.М., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыгалиев Б.К., Сыдыков Б.У., Тагаев Э.С., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Толонов Д. Э., Торобаев Б.Э., Торокулов Д. Г., Тотонов Н.Т., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турсунбаев А.А., Турусбеков Б.С., Турускулов Ж.К., Узакбаев А.О., Шайназаров Т.У., Шарипов З.Э., Шер-Нияз Садык, Эгембердиев М.Б., Юсуров А.Л., Шайлдабекова Н.К., Эсеналиев Д. А., Сабырбеков А.А., Алымкулов Э., Суракматов А.Э., Касмамбетов С. С., Шаболотов Т.Т., Матазимов М.М.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости