www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-февралда мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арналган жыйында он күндүн ичинде калкка кооперациялардын негизинде 350 миң кой жана эчки таратып берүүнү тапшырды.

Президенттин айтымында, малды багуу жана элге таратып берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 100 миллион доллар бөлүнөт.

Тармактык аткаминерлер облус жана район башчылары менен биргеликте бир жуманын ичинде 67 ири кой жана эчки багуучу фермаларды түзүшү керек. Аларга жылына 150 миң киши ишке тартылат деп күтүлүүдө.

Буга чейин Шавкат Мирзиёев калкка тоок, өрдөк жана каз таратып берүү жолу менен үй канаттууларын багууну өнүктүрүү, ошондой эле жерлерди рационалдуу пайдалануунун эсебинен элдин жашоо-шартын жакшыртуу боюнча бир катары чечимдерди кабыл алган.

Бүгүнкү күндө коомчулук бул чечимдердин жыйынтыгында жетишилген ар тараптуу өнүгүү тууралуу ишенимдүү отчётторду ала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости