www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Маалым болгондой эле, жыйында эки маселе: укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында паракорчулукка каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралды.

Ал эми аталган жыйынга төмөнкү чиновниктер катышты:

- президент Сооронбай Жээнбеков;

- премьер-министр Кубатбек Боронов;

- Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев;

- Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева;

- башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев;

- Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси начальник Райимберди Дүйшөнбиев;

- ички иштер министри Кашкар Жунушалиев;

- каржы министри Бактыгүл Жээнбаева;

- өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров;

- Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости