www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетишине эки чоң обьективдүү себеп болду:

  1. Учурда коронавирустун жайылышы, бардык дүйнөдө жайылды. Ошол үчүн бардык мамлекеттерде экономикалык кризис курчуду. Ушундай шартта элге кыйынчылык келип турганы кризистин чыгышына себеп болду.
  2. Борборубуз Бишкек шаары тарапта Садыр Жапаровдун тарапташтары башкы ролду ойнойт. Садыр Жапаров муну туура түшүнүп, кечээ эле аны бийликке келишине каршы турган Өмүрбек Бабановдун оозун майлап, Темир Сариевке каалаган кызматын берип, ачык эле Сооронбай Жээнбековдун эмес, Кыргызстандын негизин түзгөн Түштүк элине кол шилтеп салды. Бул Садыр Жапаровдун эртеңки президенттик бийликке келишине тоскоолдук кылат. Анткени, ал ишенип жаткан Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо болсо, эң биринчи Садыр Жапаровго каршы чыгып, азыркы убактылуу биригип тургандарды кара жолго калтырат. Учурунда Камчыбек Ташиев менен биримдикте шайлоого барабыз деген Өмүрбек Бабанов шайлоо бүтөр менен Ташиевдин оозуна мүшөк тыгып, өзү жалгыз “Республика-*Ата-Журт” партиясын ээлеп алып, Камчыбек Кыдыршаевичти түртүп салганын көпчүлүк билет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости