www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жакынкы жылдары биз чек ара маселесин толук чечкенге аракет кылабыз” деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Баткенде эл менен жолугушууда. Исфана шаарында өткөн жыйынга Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары да катышты.

Мамлекет башчы Өзбекстанда жана Тажикстанда өткөн иш сапарларынын жыйынтыгы, эки тараптуу кызматташтык маселелери тууралуу айтып берип, эл аралык тажрыйбада чек ара көйгөйлөрү сүйлөшүү жолу менен чечилерин кошумчалады.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактагы социалдык маселелерди көтөрүп, каалоо-тилектерин айтышты. Коррупцияга каршы күрөш, аймактарды өнүктүрүү, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу, жер тилкелерин трансформациялоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, ичүүчү жана сугат суу, туризм жана спорт маселелерин козгошту.

Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү анын президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты экенин айтты. Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн, мында элдин жардамы да маанилүү экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости