www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Филиппин президенти Родриго Дутерте өз өлкөсүнүн жарандарын мүчөкап (презерватив) колдонбоого чакырганын дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Президенттин пикиринде, адамдар мүчөкап колдонуу менен болгон-бүткөн рахат-лаззаттан ажырайт:
- Маселен, конфетти оролгон кагазы менен жесеңиз кандай сезимде болосуз? Презерватив колдонуу да ошол сыяктуу, - дейт Филиппин президенти.
Анын бул сөзү СПИДге каршы күрөшкөн уюмдардын нааразылыгын пайда кылды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Азиянын түштүк-чыгышындагы бул өлкөдө ВИЧ илдети ылдамдык менен жайылып баратканын эскертти. Маселен, 2009-жылы өлкөдө айыккыс илдетти жуктурган он миңдей адам болсо, 2016-жылы алардын саны 6 эсе артып, 60 миңди чамалаган. 100 миллион калктуу өлкө үчүн бул көрсөткүч анча чоң эмес болгону менен анын ылдамдык менен жайылып баратышы тынчсыздандырат.
Өлкө башчынын бул сөзүн Филиппиндин айрым парламентарийлери да дароо сындап чыкты.
- Президент лаззат алып, жанжыргалына батуудан башканы ойлобойбу? ВИЧке кабылгандар менен мектеп жашында кош кат болгондор көбөйүп жатканда лаззат тууралуу айтуу туура эмес, - деди өлкө парламентинин өкүлү Риза Хонтиверос.
Бул өлкөдө калктын 80 пайыздан ашуунун католиктер түзөт. А католик чиркөөсү контрацепциялык каражаттарды колдонууну башынан жактырбасы белгилүү. Бирок 2012-жылы өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен элди коопсуз секске жана үй-бүлөнү пландаштырууга чакыра баштаган. Мындай кадам өлкөдө өспүрүмдөр арасында арбып кеткен бойго бүтүүнү азайтуу максатында жасалган.
Булак: "kabar24"