www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-май — Эмгек майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер! Сиздерди Эмгек майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул майрам — ар бир иштин көзүн билип, күн сайын талбай эмгек кылуунун аркасында үй-бүлөбүзгө, коомубузга жана мамлекетибизге бакубатчылык менен байгер турмуш келе тургандыгын даңазалаган өзгөчө майрам.

Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдө 1-май эл аралык эмгек майрамы катары белгиленип келет. Бул күн биздин өлкөбүздө узак жылдар бою муундан-муунга карай майрамдалып, тарыхыбыздын бир бөлүгү болуп калды.

Жаздын толуп турган мезгилиндеги Эмгек майрамы жаңылануунун, жаңы ийгиликтерге жетүүнүн өзүнчө бир символикалуу датасына айланды.

«Эмгек барда — өнмөк бар» деген накыл кеп сыңары, талбаган эмгек, темирдей эрк жана кайрат-күч гана мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө жол салат. Ошондуктан, тарых таасын далилдеп келгендей, талыкпастан эмгек кылуу менен алдыга умтулуп, аруу максат-тилектерибизге жетели.

Белгилүү мамлекеттик ишмер атабыз Исхак Раззаков «Уйку таттуу, эмгек андан да ширин» деп бекеринен айтпаган чыгар. Урматтуу кыргызстандыктар! Ак ниет, ак эмгек — ар бир коомдун ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи.

Биз адал эмгегибиз менен гана өз келечегибизди кура алабыз. Балдарыбыздын бактылуу келечеги биздин бүгүнкү күч-аракеттерибизден түздөн-түз көз каранды.

Бул күн бардыгыбызга өнүгүү үчүн түрткү боло турган жаңы-жаңы идеяларды, аларды ишке ашырууга күч-кубат бере турган күн болсун! Улуттук дөөлөттү ушул күнгө чейин бекем сактап келген кыргыз журтубуздун кажыбас кайраты менен мээнетине, талыкпас аракети менен эмгегине таянып, өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыз кылууга жетебиз деп бекем ишенем!».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости