www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Жо Байдендин администрациялык командасы Ак үйдөн качып жатышат. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалык маалымат каражаттарынын айтымында, Ак үйдөн жогорку даражалуу аткаминерлердин агылуусу башталды. АКШдагы эксперттер мунун себебин администрацияга жана Байденге ишенбөөчүлүктүн фонунда келип чыккан көрүнүш деп айтып жатышат", — деди Захарова.

Ошондой эле ал Россияга каршы санкциялардын "архитектору", АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары Дулеп Сингхтен капысынан эле эс алууну чечкенине таң калды.

"Бир жылдын ичинде ал жердеги көп адам чарчады. Америкалык ЖМКлардын маалыматына караганда, Байдендин коомчулук менен байланышуу боюнча улук кеңешчиси Седрик Ричмонд пенсияга чыгып жатат. Ал эми климат боюнча улук кеңешчиси Жина Маккарти иштен кетүүнү пландаганын уктук", — деди Захарова.

Ошондой эле ал жергиликтүү ЖМКлар АКШнын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын өкүлү Жон Керри жылдын соңуна чейин "бул кемени таштап качууну пландап жатат" деп жазгандарын эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости