www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 6-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын алгачкы жолдоштук футболдук беттешине барды.

Беттеш ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында уюштурулду.

Оюнду мамлекет башчысы менен бирге Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев да көрүштү.

Эки команданын беттеши атаандаштык маанайда өтүп, 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын ортосундагы экинчи жолдоштук беттеш 9-июнда өтөт.

Последние новости