www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусуна караштуу Оргочор айыл аймагынын Ак-Дөбө айылынын малчыларынын Сырт өрөөнүндөгү Чоң-Май-Тор жайлоосунда малдын кырылышы катталды.
Алдын ала маалыматка ылайык, Дүйшөнбиев Табылдынын 30 баш кою, Бейшенбиев Мирландын 10 баш кою өлгөн.
Азыркы учурда жайлоо менен байланыш үзгүлтүккө учурап, так маалымат алуу кыйын болууда.
Кырдаалга байланыштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жайыт комитетинин өкүлдөрү жана ветеринардык адистер биргеликте 100 түк чөп, тамак-аш жана башка керектүү жабдыктарды жүктөп, эки автоунаа менен Чоң-Май-Тор жайлоосуна жөнөп кетишти.
Кырдаалдын өнүгүшү боюнча расмий маалыматтар кошумча жарыяланат.
Булак: Ысык-Көл кабарлары