www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор жана америкалык бизнес өкүлдөрү менен “Ынтымак Ордодо” жолугушту.

Мамлекет башчысы Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканына токтолду. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга өзгөчө маани берерин айтты.

“Кыргызстан бардык бизнесмендер жана инвесторлор үчүн ачык. Инвесторлорду кайсы өлкөдөн келгенине карай бөлбөйбүз. Бардык бизнеске, анын ичинде кыргыз бизнесине, бирдей тең мамиле кылабыз жана мамлекет катары алардын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, - деди Президент.

Ал Бишкекке келген америка бизнес-өкүлдөрү кыргыз-америка мамилелеринин тарыхындагы эң ири бизнес-делегация болуп саналарын баса белгиледи.

Бул өңүттө ал Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин ишмердүүлүгүн белгилеп өттү.

“Кыргыз тарабы америка бизнеси үчүн аймактагы ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш болууга даяр экенин билдирем”, - деп белгиледи Президент.

Ал акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана ырааттуу өсүү динамикасын көрсөтүп жатканын айтты.

Садыр Жапаров бүгүнкү күнү биз глобалдык мааниге ээ болгон, узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган ири инфраструктуралык, энергетикалык жана өнөр жай долбоорлору активдүү ишке ашырылып жатканын айтып берди.

Мамлекет башчысы америкалык компаниялардын өкүлдөрүнө кайрылып, инвестициялык потенциалды жогорулатуу Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ал Кыргызстан өнөр жай жана курулуш потенциалын өнүктүрүү менен бирге, инвестициялык климатты ырааттуу жакшыртып, салыктык стимулдарды кеңейтүүдө, ишканаларды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп жана мамлекеттик органдардын бизнестин ишине административдик кийлигишүүсүн кыскартып жатканына токтолду.

2025-жылы Стандарт энд Пуэрс Глобал Рэйтингс (Standard & Poor’s Global Ratings) эл аралык рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин Б+ (B+) деңгээлинде «Туруктуу» деген божомол менен аныктады.

Бул көрсөткүч структуралык реформалардын натыйжалуулуктун жана эл аралык инвесторлордун ишениминин жогорулашынын белгиси.

“Биздин негизги максат – Кыргызстан аймактагы узак мөөнөттүү инвестициялар жана технологиялык өнөктөштүк үчүн ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү юрисдикция катары кабыл алынышы”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу жаңы биргелешкен долбоорлорго, технологиялык кызматташтыкка жана узак мөөнөттүү экономикалык өнөктөштүккө туруктуу негиз болот деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор Америка Кошмо Штаттары бүгүнкү күндө бул аймакка барган сайын көбүрөөк көңүл буруп жатканын, мурда мындай деңгээлдеги мамиле байкалбаганын айтты.

Ал Президент Трамптын Администрациясы бул жерден өлкөлөр арасында өз ара пайдалуу жана туруктуу мамилелерди өнүктүрүүгө алып келе турган мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатканын баса белгиледи.

“Көп жылдар бою бизде бул чөлкөм жана сиздин команда менен мынчалык тыгыз иштешүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес, бирок бүгүнкү күндө мындай мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө», - деп ырастады Серджио Гор.

Ал ошондой эле Президент Трамп Америка Кошмо Штаттарында жеке сектор үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге дүйнөнүн башка аймактары менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү милдетин коюп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Атайын өкүл, Элчи кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, америкалык тарап бардык демилгелерге жана сунуштарга чоң маани берерин белгиледи. “Биздин максат – бул чөлкөмдүн Ак үйдүн татыктуу жана туруктуу көңүлүн буруусуна жетишүүсү”, - деди Серджио Гор.

Ал Кыргызстанда, ошондой эле аймактын коңшу мамлекеттери менен өнөктөштүктө кызматташуу үчүн олуттуу потенциал жана кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенине көңүл бурду.

Мындан тышкары, ал бүгүн келген делегациянын бардык мүчөлөрү мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенине ынанганын кошумчалады. “Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү инвестициялык кызматташтыкты колдоо куралдарын кеңейтүүгө даяр. Бүгүнкү талкуу биринчи гана кадам жана мындан аркы биргелешкен иштин башталышы”, - деди Атайын өкүл, Элчи.

Ал бүгүн Бишкек шаарында жүргөн бизнес өкүлдөрүнүн арасында ири америкалык компаниялар бар экенин белгиледи. Алардын баары түз байланыш түзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү ниети менен келишкен.

“Биз биргелешип иштөөгө даяр экенибизди билдиребиз жана конкреттүү жана ийгиликтүү натыйжаларга жетише алабыз деп ишенебиз”, - деп жыйынтыктады АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор.

Андан ары Америка-Кыргыз ишкер кеңеши, АКШнын Соода-өнөр жай палатасы, Boeing, Coca Cola Company, Franklin Templeton, GE Healthcare, Mooney Group сыяктуу бир катар америкалык уюмдардын жана компаниялардын өкүлдөрү өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары боюнча сунуштарды киргизишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-америкалык экономикалык диалогду мындан ары да чыңдоого жана эки өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык ырасталды.

Последние новости