www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-февралда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевге жаңы турак үйдүн ачкычын тапшырды.

Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдо болуп эмгектенип келет. Ал өзүнө үй курууну баштаган, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнөн улам курулуш иштери толук аяктабай калган.

Айыл тургундарынын кайрылуусунан кийин бул маселе УКМК төрагасынын жеке көзөмөлүнө алынып, үй толугу менен бүткөрүлүп, жашоого ылайыктуу абалга келтирилген. Бүгүн жаңы турак жай расмий түрдө ээсине тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аксакалдары көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.

Последние новости