www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Нургожоевич Жапаровго коомдук ишмер Кадыр Кошалиев кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда автор Элдик Курултай институтунун ишмердүүлүгү, анын учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары боюнча бир катар маселелерди көтөрүп, ошондой эле бул багыттагы мурдагы сунуштар жана кайрылуулар боюнча маалыматтарды дагы бир жолу эске салган.

Мындан тышкары, кайрылууда өлкөдөгү жамааттык эл башкаруу системасын өркүндөтүү, Курултай институтунун ыйгарым укуктарын тактоо жана анын мамлекеттик башкаруудагы ордун күчөтүү боюнча сунуштар да камтылган.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Эл ичинде “Жараткандын назары түшкөн адам падыша болот” деген кеп бар. Тагдырыңызга ажолук тактыда олтуруу жазылган экен, төрт жылдан ашык мезгилден бери эл башкарып, көч башында келе жатасыз. Оболу жооптуу ишиңизге ийгилик каалайм!

Айтайын дегенимди ырааты менен баяндайын. Сизге бул катты жазуудан мурда көпкө ойлондум. Акыркы жылдары Курултай маселеси боюнча коомчулукка эч кандай пикир айтпай, интервью сурашкан кесиптештериме ыраазычылык билдирип, сылык-сыпаа баш тартып келе жатканымдын себеби өзүм үчүн да бир сыйра маселени акыл таразасынан өткөрүүгө убакыт керек болду...

Өзүңүз жакшы билгендей, Сиз менен расмий таанышып, иштешип калышыбыздын башкы себеби да Элдик Курултай идеясы болгон. Сиз чет өлкөлөрдө жүргөн мезгилде, 2012-жылдары болсо керек, Алма-Ата шаарында жолугушуп (анда мен “Элдик Курултай” кыймылынын төрагасы элем), түн бир оокумга чейин Курултай маселесин талкуулаганбыз. Сиздин бул маселе боюнча көз карашыңыз ошондо эле оң болчу. Ал күнкү баарлашуубуздун аягы Элдик Курултай институтун коомдук-саясий системага өзүнүн ыйгарым-укуктары менен киргизүү маселесинде “бирге күрөшөлү, күчтү бириктирели, максатка бирге жетели” деген бирдиктүү пикирге келүү менен тараганбыз.

Андан кийинки ар кандай кырдаалдарда байланышта болдук, маалымат алмашып турдук. 2020-жылы октябрдагы шайлоолордон кийинки курч коомдук-саясий абалдын арты менен сиз абактан чыга келдиңиз. Ал кездеги коомдук пикирдин көрсөткүчү боюнча сиздин саясий рейтингиңиз жогору болчу. Тарыхый процесс жана элдин ишеничи сизди өлкө башына алып келди.

Конституциялык реформаны колго алып, ишке батыл кириштиңиз. Эсимде, бейтааныш телефон номерден чыккан кечки коңгуроодогу коңур үн сиздики экендигин билип, амандаштык да ишти сүйлөштүк. “Кадыр ава, сизди Конституциялык кеңешменин мүчөлүгүнө сунуштадым, эми учур келди Курултайды ишке ашыралы” дедиңиз. Мен да жетине албай ыраазычылык билдирип, келечек иштерди кеңештик.

Конституциялык кеңешменин иши эки айдан ашык убакытка созулду. Жүздөн ашык кеңешменин мүчөлөрүнүн ичинен башында Элдик Курултай институтун ачык колдогондордун саны 25 адам болсо, барган сайын бул сан көбөйбөй азайып жүрүп олтурду. Аягында Ч. Абыкеев, Ч. Арабаев, Э. Исаков сыяктуу саналуу адамдар калдык. Ошол учурларда сиз телефон чалып, “Кадыр ава, Курултайдын душмандары Кыргызстандын ичинде эле эмес, сыртта да көп тура. Сиз өтө катуу тура бербеңиз, ишти этабы менен жылдыралы” дедиңиз. Ооба, байыркы көчмөн элдердин дем-духун алып жүргөн, салыштырмалуу чакан Кыргызстандай өлкөдө Элдик Курултай аркылуу чыныгы элдик бийликтин орноп кетиши дүйнөлүк саясий элитанын кызыкчылыгына кайчы келери белгилүү эле.

Ошентип, Баш мыйзам кабыл алынды. Элдик Курултай институту жөнүндө Конституциянын беш беренесине кирди, бирок биз каалагандай ыйгарым-укуктар кирбей калды. Курултай мамлекеттик бийлик органдарынан обочолонгон түрдө, коомдук уюм катары орноду. Ошого да шүгүр дедик. Конституциялык мыйзамды кабыл алуу процесси да оңойго турган жок. Сиздин Жарлык менен түзүлгөн Ч. Абыкеев башында турган жумушчу топ өзүнө тагылган милдеттерди так аткарып, мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты. Талкуунун жүрүшүндө кайчы пикирлер, каршылыктар көп болду. Бир канча жолу мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Ошондой кыл чайнашкан мезгилде Сиз саясий эркти көрсөтүп, өзүңүздүн Жарлык менен (№ 284, 15.08.22) Биринчи Элдик Курултайды 2022-жылы 25–26-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүшүнө жол ачып, тарыхый чечим кабыл алдыңыз. “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам кийинки 2023-жылы август айында араң кабыл алынып, кийинки 2–3-Курултай ошол мыйзамдын негизинде өттү.

Элдик Курултай жамы журттун калың катмарынан расмий шайланып келген өкүлдөр менен мамлекеттик бийлик кызматкерлери катышкан улуттук жыйын катары (сьезд), Кыргызстанда жашаган бардык этностордун, атуулдук коомдун жана диний конфессиялардын ортосунда иштиктүү диалог жүргүзүүгө, алардын биримдигин камсыздоого, ынтымакта бакубат жашоого жана адилет коомду курууга шарт түзгөн калыс аянтча болуп берсе деген аруу максатты ишке ашырууну көздөгөн коомдук кыймылдын жигердүү өкүлдөрүнө эл өзү “курултайчылар” деген наамды ыйгарышканы маалым.

Урматтуу Президент, Сизди биз башкы курултайчы деп билебиз. Анткени Кыргызстанды эгемендик жылдары жетектеген Президенттердин дээрлик баары менен бул маселе боюнча иштедик, бирок алардан тил эмизгенден башка ныпым колдоо болгон жок. Демек, өзүңүз айткандай, Курултай маселесин этабы менен алдыга жылдырууда дагы да болсо Сиздин ролуңуз чоң деп ойлойм.

Курултайда коомдук-мамлекеттик өнүгүүнүн түркүн-түмөн маселелери ачык талкууга алынып, ой-пикир, идеялар ортого салына турган, жыйынтыгында иштиктүү багыттама (концепция), программа, мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыгып, тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуштала турган, жалпы элдин деми менен улуу иштерди турмушка ашыра турган мыйзамдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргыз Республикасында расмий 3 жолу Элдик Курултай болуп өттү. Жакында кезектеги IV Элдик Курултайды уюштуруу боюнча Президенттин Жарлыгы чыгаар алдында бул маанилүү маселенин тегерегинде кеп козгоп, кеңешип алганыбыз элдик кызыкчылыктан улам пайдалуу болот деп ойлойм.

Анда эмесе тарыхта болгону менен азыркы заманга ылайык жаңы эле калыптанып келе жаткан Курултайдын төрт жылдык ишмердүүлүгүнө токтололу.

Сизге ийгиликтерди каалап, терең сый-урматым менен, Кадыр Амиракулович Кошалиев", - деп айтылат кайрылууда.

Последние новости