www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгия королу Филиппти Королдук ант берүү күнү — Бельгия Королдугунун улуттук майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү жана Бельгия Королдугу башынан өткөргөн оор сыноолорго карабастан, Бельгия Королдугунун эли учурдагы пандемияга туруштук берет деп ишенебиз. Ошол эле учурда мен Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугу менен түзүлгөн достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигин белгилегим келет», - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков король Филиппке бекем ден соолук, узак өмүр, ал эми Бельгия элине ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости