www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө башчынын катчысы Толгонай Стамалиева буга чейин президент саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн саясий диалогго даяр экенин билдиргенин кошумчалады.
«Президент учурдагы негизги максат кырдаалды укук талаасына кайтаруу экенин белгиледи. Ал өлкөдөгү легитимдүү президент жана парламентти, Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушуу уюштуруу маанилүү экенин белгиледи», - деди катчы.
Басма сөз катчынын айтымында, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчысы кызматтык дайындоолор жана аларды мыйзамдаштыруу тууралуу маселелерди көтөрдү.
«Сүйлөшүүнүн алкагында парламентте айтылып жаткан импичмент маселеси талкууланды. Президент азыр алдында абалды мыйзамдуу жолго кайтаруу тапшырмасы турганын билдирди. Ал азыркы абалга байланыштуу бардык суроолорду талкуулаганга даяр экенин айтты. Бул жаатта президент Жогорку Кеңештин спикеринин жана легитимдүү орган — парламенттин ролун баса белгиледи», - деди Стамалиева.
Булак:NazarNews.kg