www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди.
“Мен үчүн 2010-жылы үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы чыгып, курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры жөн гана сөз эмес. Бул – менин да кайгым, менин да трагедиям. Ошондуктан, бул теманы саясий чайкоочулукка айландырууга жол бербейм! Эл тарабынан шайланган президент катары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди Мамлекет башчысы.
Ал үй-бүлөлүк режим жөнүндө айткандан тажабагандар олуттуу бир факторду эске албай жатышканын, бул – коомчулуктун аң-сезиминдеги артка кайтпас өзгөрүүлөр экенин белгиледи.
“Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкаруга жол берилбейт. Президенттик кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч кимиси таасирин тийгизе албайт”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.
Булак: NazarNews.kg