www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо участкасына келип добуш берди.
«Мына бүгүн шайлоо күнү аяктап добуш бере турган да күн келди. Биз шайлоо адилеттүү өтүш үчүн баарын жасадык. Партиялардын баардыгына бирдей шарт түзүлдү. Жаңы партияларга да бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок , бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Аны журналисттер өзүңөр катышып, көрүп аттыңар. Партиялык дебаттар мамлекеттик теле каналдардан кеңири көрөстүлүп турду. Сын пикирлерди айтууда эч кандай чектөөлөр, тоскоолдуктар болгон жок. Ошондуктан бул шайлоодогу үгүт иштери абдан курч саясий атаандаштыкта өттү", - деди президент.
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышууда.
№ 1 “Биримдик”.
№ 2 “Мекенчил”.
№3 “Ыйман Нуру”.
No4 “Мекеним Кыргызстан”.
No5 “Реформа”.
№ 6 “Ата Мекен”.
No7 “Замандаш”.
No8 “Бүтүн Кыргызстан”.
No9 “Социал-демократтар”.
№ 10 “Мекен Ынтымагы”.
№11 Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы.
№ 12 “Ордо”.
№ 13 “Бир Бол”.
№ 14 “Республика”.
No15 “Кыргызстан”.
№16 “Чоң Казат”.
№17 Баарына каршы.
Булак: NazarNews.kg