www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 5 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын 13-мартында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 3 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 2 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлер жана Жалал-Абад облустук сотунун айрым судьялары боюнча үч Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан 9 судьясы кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктары 2018-жылдын 7-мартынан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен 3 талапкер - Абдраимов Азамат Жармаматович, Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич, Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды. Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Жалал-Абад облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Последние новости