www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты билдирди. 

Мыйзам 2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен бул калктуу конуштарды жана айыл аймактарды социалдык, экономикалык, экологиялык жана курулуш багыттарында комплекстүү өнүктүрүүнү пландаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен төмөндѳгү калктуу конуштар айыл категориясына киргизилген:

— КР Баткен областынын Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу;

— КР Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу;

— КР Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки жана Шортон калктуу конуштары;

— КР Ош областынын Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу;

— КР Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш жана Жапалак калктуу конуштары;

— КР Ош областынын Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичи-Алай калктуу конушу;

— КР Ош областынын Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак калктуу конуштары;

— КР Ош областынын Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан калктуу конуштары;

— КР Ош областынын Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма калктуу конуштары.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы түзүлгѳн айылдардын схемалык карталары бекитилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости