www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы менен бүгүн, 9-апрелде биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда эки тараптуу төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1. Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо  боюнча агенттиги  (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашуу;

5.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө Келишим;

6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында  кызматташуу тууралуу Протокол.

Булк: NazarNews.kg

Последние новости