www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагырагы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчысы болду. Кызыгы, жалгыз гана талапкер катары көрсөтүлүп, аны кеңештин 15 мүчөсүнүн баары бир добуштан колдоп берген.

Эскерте кетсек, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жаӊы курамын Жогорку Кеӊеш 26-апрелде 5 жылга бекиткен. Талапкерлерди президент, Парламент, коомдук уюмдар көрсөтөт. Жыпар Жекшеевди президент сунуштаган.

Беш жылга отурган Жыпар Жекшеев 24-майда 70 жашка чыгат. “Жашына карап бир добуштан колдоп бердиңерби?” Эмнеге атаандаш чыккан жок?” деп Байкоо кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаевден сурасак, башкалар баш тартып койгонун айтты.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости