www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентке сыйлык-наамды кайтарып алуу укугу ыйгарылып жатат. Мына реформа. Кыргызстанда мамлекеттик сыйлык-наамдарды ыйгарууга байланыштуу сын-дооматтарга ушуну менен чекит коюлса бир жөн эле, тилекке каршы, эми бул жагдай ансыз да сыйлык-наам дегенде эт-бетинен кетчү интеллигенцияны президентке такыр ооз ачкыс кылып чүлүктөп берет тура.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети 6-июндагы жыйынында "Мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана мамлекеттик сый-акылар жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү долбоорун биринчи окууда карап, аны кабыл алды. Ага ылайык президентке эми сыйлык-наамды кайтарып алуу укугу берилип жатат.
Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов баяндама жасап, документте бир катар өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Ага ылайык, ушул кезге чейин берилген сыйлыктар соттун чечими менен гана кайра алынып келсе, мындан ары ушундай укукту президентке дагы берүү сунушталып жатканын айтты.
Бул тууралуу: "Бүгүнкү күндө мамлекеттик сыйлыктар эң жогорку, биринчи, экинчи жана үчүнчү категориядагы болуп бөлүнөт. Биз болсо өзгөчө категориядагы "Ата-Мекен" жана "Эмгек баатыры" деген сыйлыктарды киргизүүнү сунуштап жатабыз. Экинчи категориядагы сыйлык бар, бул "Эрдик" деген медаль, биз анын деңгээлин орденге көтөрүп жатабыз. Биз андан сырткары мамлекеттик сый акылар деген түшүнүктү да киргизип жатабыз. Былтыр президент ишкерлердин макамын көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошол жарлыктын негизинде ишкерлерге "эмгек сиңирген ишмер" деген наам берүүнү сунуштап жатабыз. Азыркы мыйзамда "мамлекеттик сыйлыктар соттун чечими менен гана алынат" деген тартип бар. Биз болсо президентке дагы ушундай укук берип жатабыз",-деди Орозов.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg